Бишкек мэриясына караштуу «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын кызматкери 1 млн сом пара алып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу УКМК маалымдады.
Тергөөдө мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн кызматкерлери тендердик сумманын 10%ын системалуу түрдө опузалап алышканы аныкталган. Алар тоскоолдук жаратып, аткарылган иштер үчүн төлөмдөрдү кечеңдетип турушкан.
Кызматкер А.К.Ш. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.
