Мөөнөтү өтүп кеткен азыктарды мыйзамсыз ташып келип, “элиталык импорттук продукция” катары саткан кылмыштуу схема аныкталып, бөгөт коюлду.
Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, “Корзинка 312” ЖЧКсынын негиздөөчүсү З.С.Н. аттуу жаран бир нече жылдан бери чет өлкөдөн арзандатылган, мөөнөтү өтүп кеткен азыктарды алып келип, кайра таңгактап “эксклюзивдүү европалык деликатес” катары саткан.
Бул азыктар ири базарлар, ресторандар жана кафелер аркылуу жарандарга жеткен.
Тинтүү учурунда Бишкектеги кампалардан жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен азыктардын ири партиясы, мөөнөттү өзгөртүүчү лаборатория жана жасалма этикеткалар табылган.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, 27-ноябрда бардык конфискацияланган азыктар экологиялык коопсуздук талаптарын сактоо менен жок кылынды.
УКМК жана Жаратылыш ресурстары министрлиги ишкерлерди көмүскө схемалардан алыс болуп, документтери таза, сапаттуу азыктарды гана сатууну эскертишти.


