Боршайком 29 округ боюнча шайлоо жыйынтыгын бекитти

БШК 29 округ боюнча шайлоо жыйынтыгын бекитти, биринде кайра шайлоо өтөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кенеш депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгын 30 округдун ичинен 29унда бекитти. Бул тууралуу БШК кабарлады.

№13 округдагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды. Комиссиянын маалыматына караганда: айрым талапкердин үгүтчүлөрү шайлоочуларды видеого тартып, добуш берүүнүн купуялуулугун бузган.Мыйзамга ылайык, бул округда бир айдын ичинде кайра шайлоо өтөт, мурдагы талапкерлер бул шайлоого катыша албайт.

Депутаттарды шайлоо 30-ноябрда өтүп, ар бир округдан үчтөн депутат шайланган. 87 адам мандат үчүн катталган.

БШКнын билдиришинче, Жогорку Кенештин VIII чакырылышынын биринчи жыйыны 17-декабрда өтүшү мүмкүн.

Демек, өлкө жаңы парламентке өтүү алдында турат, бирок №13 округда шайлоо кайрадан өткөрүлөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *