Ош шаарында жаңы күнөскана курулууда

“Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” ишканасынын жаңы күнөсканасын куруу иштери кызуу улантылып жатат. Учурда күнөскананын каркасы орнотулуп бүттү.

Мэр Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасынын негизинде күнөскананын курулушуна керектелүүчү материалдар Түштүк Кореядан алынып келинип жасалууда.

Жаңы күнөскана заман талабына ылайык соңку технологиялар менен жабдылат. Гүлдөрдү сугаруу, жылытуу жана желдетүү системалары толугу менен автоматташтырылып, иш процесси бир топ жеңилдейт.

Ошондой эле жумушчулар үчүн жатакана, ашкана жана башка керектүү шарттар да түзүлөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *