Кыргызстан «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» товардык белгисине укуктарды расмий түрдө толук өзүнө алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Тапшыруу аземине министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты. Ал белгилегендей,оюндар этномаданиятты жана көчмөн цивилизациясынын баалуулуктарын дүйнөгө таанытты, долбоор бүгүн кыргызстандыктардын улуттук бренди болуп саналат жана өлкөнүн эл аралык аброюн көтөрдү.
Кыргызстан оюндарды 2014, 2016 жана 2018-жылдары ийгиликтүү өткөргөн. Андан кийин Түркия (2022) жана Казакстан (2024) өткөрдү.2026-жылы VI оюндар кайрадан Кыргызстанда өтөт.
«Көчмөндөр оюндары — бул жөн гана спорт эмес. Бул достуктун, тынчтыктын жана маданияттардын байланышы», — деп баса белгиледи төрага. Кыргызстан 2026-жылдагы оюндарды жогорку деңгээлде өткөрүүгө даярданып жатат.

