Кыргызстандык каратэчилер эл аралык мелдеште үч медаль тагынды

Кыргызстандык каратэчилер Turkish Open Karate мелдешинде үч коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеште 35 мамлекеттен келген 1 миң 700гө жакын спортсмен күч сынашты. Ага Кыргызстандын атынан 11 каратэчи катышты.

Алар:

  • Раид Абожмей 8-9 жаштагылар арасында 30 кг чейинки салмак категориясында (кумитэ);
  • Нуртилек Саидов 16-17 жаштагылар арасында 55 кг чейинки салмак категориясында (кумитэ);
  • Айдар Жолчиев, Тимур Жолчиев, Азиз Муратов жана Эмир Жалаловдон турган курама команда 16-17 жаштагылар арасында командалык беттеште коло медаль утту.

Мелдеш 12-14-декабрь күндөрү Түркиянын Стамбул шаарында өттү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *