Кыргызстандын тоолуу аймактарына 29-30-декабрь күндөрү унаа жолдорго кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу , Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 45-115-чакырымдарында, Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунда жана Кызыл-Бел – Акташ унаа жолдорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.
ӨКМ жолдор тайгак болуп, муз тоңоорун, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертет.