Жаңы жыл майрамына карата кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан «Торугарт-автожол» жана «Иркештам-автожол» өткөрүү жайлары жабылат. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматы билдирди.
Өткөрүү пункттары 1-январь күнү гана иштебейт. Ал эми 2-январдан тарта жумушун штаттык режимде улантат.
Белгилей кетсек, «Торугарт-автожол» жана «Иркештам-автожол» өткөрүү жайлары иш күндөрү гана ачык, ишемби жана жекшемби жабык болот.
Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат
