Саламаттык сактоо министри иттердин таландысынан жабыркаган баладан кабар алды

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов иттердин тиштегенинен улам көптөгөн жаракаттарды алган бала жаткан Шаардык тез медициналык жардам клиникалык балдар ооруканасына барды. 2020-жылы туулган бейтап 1-апрелде төмөнкү диагноз менен жеткирилген: баш мээсинин орточо даражадагы жабыркашы, баш терисиндеги дефект менен коштолгон тиштелген чоң жаракаттар, тулку боюндагы жана буту-колдорундагы көптөгөн тиштелген жарааттар, травмалык шок. Ооруканага түшкөн…

Кененирээк

Кыргызстанда тоок жумурткасынын баасы турукташты

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын маалыматына ылайык, айдын биринчи жарымында республика боюнча 10 даананын баасы орто эсеп менен 10 сомго, айрым аймактарда 20 сомго чейин кымбаттаган. Өндүрүүчүлөр, соода түйүндөрү жана Айыл чарба министрлиги менен жолугушуулардан кийин баа төмөндөй баштаган. Азыр республика боюнча орточо баа 129 сомду түзөт, ал эми Бишкектеги Ош базарында жумуртка категориясына жараша…

Кененирээк

Эми балдар жана майыптыгы бар адамдар акысыз балык уулай алышат

Айыл чарба министрлиги балык уулоонун жаңы эрежелери бекитилип, ишке киргенин кабарлады. Ага ылайык, I, II жана III топтогу майыптыгы бар жарандар, Чернобыль атомдук электр станциясындагы авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандар жана 14 жашка чейинки өспүрүмдөр акысыз балык уулай алат. Аларга бир суткада 2,5 килограммга чейин балык кармоого уруксат берилет.

Кененирээк

Кыргызстан Иранга 7 фура гумжардам жөнөтөт

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте Иранга жалпы салмагы 129 тонна болгон гуманитардык жүк жөнөтүүдө. ӨКМ билдиргендей, анын ичинен 66 тонна азык-түлүк — ун, эт консервалары жана өсүмдүк майы — жана 63 тонна дары-дармек бар. Жүк ӨКМдин жети оор жүк ташуучу унаасынан турган колоннага…

Кененирээк

Адылбек Касымалиев: Учурдагы аймактык жана глобалдык чакырыктар бизден тилектештикти гана эмес, макулдашылган кадамдарды талап кылууда

Бул тууралуу МинКаб башчысы Адылбек Касмалиев Баку шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын экинчи жыйынындагы сөзүндө билдирди. «Учурдагы аймактык жана глобалдык чакырыктар бизден тилектештикти гана эмес, аймактык тынчтыкты, стабилдүүлүктү жана туруктуу өнүгүүнү камсыздоо үчүн конкреттүү, макулдашылган кадамдарды талап кылууда. Мындай шартта Түрк мамлекеттер уюму жөн гана кызматташтык платформасы эмес, жамааттык туруктуулуктун инструменти…

Кененирээк

Кыргызстанда унааны каттоо онлайн форматка өттү

Президент Садыр Жапаров транспорт каражаттарынын айрым категорияларын жана аларга болгон менчик укугун онлайн каттоону убактылуу ишке киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду. Эксперименттик режим 2026-жылдын 1-апрелинен 31-декабрына чейин күчүндө болот. Бийлик бул долбоор санариптик кызматтарды сыноо жана мамлекеттик кызматтарды жөнөкөйлөтүү үчүн киргизилип жатканын билдирди. Эгер сыноо ийгиликтүү өтсө, туруктуу онлайн-каттоого өтүү үчүн өзүнчө ченемдик акт даярдалышы…

Кененирээк

Ош эл аралык аэропортунда биринчи жолу Ташкент – Ош багыты боюнча түз аба каттамы аткарылды

Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде облустук жетекчиликтен маалымдашты. «Кыргызстан аэропорттору» ишканасы Өзбекстандын Ташкент шаары менен Кыргызстандын Ош шаарынын ортосунда Centrum Air авиакомпаниясынын түз аба каттамы ачты. 1-апрелде алгачкы учуу аткарылып, 95 жүргүнчү тейленди. Ташкент-Ош багыты боюнча буга чейин түз авиакаттам болгон эмес. Мындан ары жаңы учуулар ар жуманын шаршемби жана ишемби күндөрү жүргүзүлөт.

Кененирээк

Кытайга азык-түлүк экспорттоочулар үчүн жаңы каттоо тартиби киргизилет

Каттоо Кытай рыногуна чыгуу үчүн милдеттүү шарт болуп саналат жана экспорттоочу өлкөнүн ыйгарым укуктуу органы аркылуу жүргүзүлөт. Каттоонун жарактуулук мөөнөтү 5 жылды түзөт. Белгиленген талаптарга шайкеш келбеген учурда каттоону токтотуу же жокко чыгаруу чаралары каралган. Жаңы тартиптин кабыл алынышы продукциянын коопсуздугун көзөмөлдөөнү күчөтүүгө жана экспорттоочуларга коюлган талаптарды жогорулатууга багытталган. Ошондой эле продукцияны баалоо жана рынокко…

Кененирээк

Кыргызстанда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болду

Сейсмология институтунун маалыматына караганда, 2-апрель таңкы саат 05:28де Кыргызстанда очогунда күчү 4,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды. Жердин силкиниши Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарында, Мырза-Арык, Кароол айылдарында 4,5 балл, Куршаб, Мырза-Аке, Красный-Маяк айылдарында 4 балл, Кара-Суу, Отуз-Адыр, Курбу-Таш, Салам-Алик айылдарында жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Ичке-Сай айылында 3,5 баллга чейин сезилди.

Кененирээк

Оштун мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаевге өлкөдөн чыгууга тыюу салынды

Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары өздүк булактарына таянып жазды. Маалым болгондой, Чек ара кызматынын кызматкерлерине Женишбек Токторбаевди чек арадан өткөрбөө боюнча эскертүү берилген.Бул чечимди ким жана кандай негизде кабыл алганы белгисиз бойдон калууда.

Кененирээк