Кыргызстанда жумушсуздуктун деңгээли төмөндөдү
Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов билдирди. Анын айтымында, 2025-жылы расмий жумушсуздуктун деңгээли 1,4 пайызды түзүп, бул акыркы беш жылдагы эң төмөнкү көрсөткүч болуп калды. Жумушсуз деп катталгандар 38 миң 100 адамды түзүп, бир жылда 22 пайызга кыскарган. Жалпысынан 17,5 миң жаран ишке орноштурулду.

