Олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө мэр 1 250 000 сом өлчөмүндө акчалай сыйлык тапшырды
Мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын жеңүүчүлөрүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин катышуусунда мугалимдер, окуучулар жана ата-энелер Ош эл аралык аэропортунан салтанаттуу тосуп алышты. Шаар мэри олимпиадада алдыңкы орундарды багындырган окуучуларды жеңиши менен куттуктап, мугалимдерге ыраазычылык билдирди. Ошондой эле мындан ары шаар бийлиги билимдүү жаштарды колдоого алып, алардын өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл бурарын баса белгиледи. Калаа башчысы өз…

