Саламаттык сактоо министрлигине аялдардын ден соолугу үчүн керектүү 18,4 млн сомдук дарылар тапшырылды

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине ЮНФПА тарабынан «Мизопростол» дарысынын 350 миң таңгагы берилди. Министрликтин маалыматына ылайык, бул гуманитардык жардам энелердин ден соолугун коргоо системасын чыңдоого жана аялдар үчүн медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Дары каражаты өлкө боюнча 104 саламаттык сактоо уюмуна бөлүштүрүлөт. «Мизопростол» медициналык-социалдык тобокелдик тобуна кирген репродуктивдүү курактагы аялдарга акысыз берилет.

Кененирээк

Башкаруучулук кызматтарда гендердик тең салмактуулук бекемделет

Жаңы жобого ылайык, саясий, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга кадрдык резервди түзүүдө бир жыныстагы өкүлдөрдүн үлүшү 70%дан ашпашы керек. Бул мурда лидерлик орундарга кыйла эле аз көрсөтүлүп келген аялдардын атаандаштыкка жана кызматтан көтөрүлүүгө мүмкүнчүлүктөрү кеңейет дегенди билдирет. Жарлык 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

Кененирээк

Ноокенде «Хизбут-Тахрир» уюмунун аялдар канатынын беш мүчөсү кармалды

УКМК “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” экстремисттик уюмунун аялдар канатынын мүчөлөрү кармалганын билдирди. Алар окутабыз, үйрөтөтбүз деген шылтоо менен кыздарды тескери идеяга сугарып келишкен. Лидерлери жабык телеграм-каналдарга активдүү катышып, тыюу салынган адабияттарды таратып, халифат түзүү маселесин талкуулап турушкан. Жашаган жерлерин тинтүү маалында китептер, компьютерлер, флеш-карталар жана уюлдук телефондор табылган. Шектүү катары беш аял кармалып, тергөө абагына камакка…

Кененирээк