Төрага баштаган депутаттар А.Калматова мектебинин спорт залынын курулушу менен таанышышты
Төрага Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Примов, Өмүрзаков, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Гуз айыл аймагынын Калматай айылындагы А.Калматова атындагы орто мектебинин аймагына курулуп жаткан спорт залынын курулушу менен таанышышты. Төрага жана депутаттар аталган спорт залынын пайдубалын көрүп, курулуш нормалары сакталбаганын, баарын курулуш нормаларына ылайык куруу зарылдыгын белгилешти. Мам курулуш агенттигинин жетекчисинин орун басарына тапшырмалар берилди….

