Ош эл аралык аэропортунда биринчи жолу Ташкент – Ош багыты боюнча түз аба каттамы аткарылды
Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде облустук жетекчиликтен маалымдашты. «Кыргызстан аэропорттору» ишканасы Өзбекстандын Ташкент шаары менен Кыргызстандын Ош шаарынын ортосунда Centrum Air авиакомпаниясынын түз аба каттамы ачты. 1-апрелде алгачкы учуу аткарылып, 95 жүргүнчү тейленди. Ташкент-Ош багыты боюнча буга чейин түз авиакаттам болгон эмес. Мындан ары жаңы учуулар ар жуманын шаршемби жана ишемби күндөрү жүргүзүлөт.

