Министр Жээнбек Кулубаев «Борбордук Азия – Германия» форматынын министрлер деңгээлиндеги жолугушууга катышты
11-февралда Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев «Борбордук Азия – Германия» форматынын министрлер деңгээлиндеги жолугушууга катышты. Иш-чарага ошондой эле Казакстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Түркмөнстандын, Өзбекстан Республикасынын жана Германия Федеративдик Республикасынын тышкы саясат ведомстволорунун башчылары катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактарда «Борбордук Азия – Германия» форматындагы диалогду мындан ары бекемдөө…

