11-февралда Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев «Борбордук Азия – Германия» форматынын министрлер деңгээлиндеги жолугушууга катышты.
Иш-чарага ошондой эле Казакстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Түркмөнстандын, Өзбекстан Республикасынын жана Германия Федеративдик Республикасынын тышкы саясат ведомстволорунун башчылары катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактарда «Борбордук Азия – Германия» форматындагы диалогду мындан ары бекемдөө маселелерин талкуулашты.
Акыркы отуз жыл ичинде Борбордук Азия мамлекеттери менен Германиянын ортосундагы мамилелердин оң нукта өнүгүп келе жатканы белгиленип, жалпы баалуулуктарга жана өз ара кызыкчылыктарга негизделген борбордук азиялык-германдык өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоо, ошондой эле жогорку деңгээлдеги диалогду улантуу ниети ырасталды. Мындан тышкары, министрлер Борбордук Азия өлкөлөрү менен Европа Бирлигинин ортосундагы мамилелердин жандануусун канааттануу менен белгилешти.

