Оштун экс-мэринин орун басарлары кызматтан кетти

Ош шаарынын мэринин орун басарлары Сонунбек Жунусбаев, Мирлан Казыбай уулу жана Адилет Шаршеналы уулу өз арызы менен ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Кененирээк

Вебкам-студияларын уюштурган Даниэль Ажиев бошотулду

Аны бошотуу чечими жогорку деңгээлде кабыл алынып, президент Садыр Жапаров ырайым кылуу жөнүндө жарлыкка кол койду. Эске салсак, 2024-жылдын октябрында сот Ажиевди мүлкүн конфискациялоо менен 9 жылга эркинен ажыраткан. Ал притон уюштуруу, порнография таратуу, кылмыштуу топ түзүү жана алдамчылык боюнча күнөөлүү деп табылган. Вебкам-тармактын уюштуруучусу 2023-жылы кармалган болчу.

Кененирээк