Кыргызстанда алгачкы жолу PhD дипломдору тапшырылды

16-апрелдеги иш-чарага илим министри Гүлзат Исаматова катышты. Жалпысынан 80 бүтүрүүчү PhD даражасын алды. Алардын 32 пайызы чет өлкөлүк жарандар. PhD программалары боюнча адистерди даярдоо 2013-жылы пилоттук долбоор катары башталган. 2023-жылы «Илим жөнүндөгү» мыйзам менен расмий таанылган. Учурда Кыргызстанда 21 жогорку окуу жай PhD программалары боюнча илимий кадрларды даярдап жатат.

Кененирээк

Студенттерге дипломдук иштин ордуна стажировка өтөө сунушталууда

Кыргызстандын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги студенттердин жыйынтык аттестациясынын эрежелерин өзгөртүүнү сунуштады. Негизги өзгөрүү:— Дипломдук иштин ордуна 16 жумалык милдеттүү практика (стажировка) киргизилет,— Практиканын жыйынтыгы жалпы аттестацияга кошулат. Практика учурунда студенттер бизнес-план, стартап же колдонмо долбоор даярдай алышат. Чиновниктердин айтымында, бул ыкма бүтүрүүчүлөрдү реалдуу жумушка жакшыраак даярдайт. Мындан тышкары, жаңы эреже боюнча:— Эгер…

Кененирээк