Кара-Суу районундагы сел кырсыгынан кийин аймактагы социалдык кызматкерлер калкка ыкчам жардам көрсөтүүдө

Өзгөчө Отуз-Адыр айыл аймагына караштуу Сары-Колот айылындагы кырдаал көзөмөлгө алынып, тиешелүү кызматтар тарабынан селдин кесепеттерин жоюу боюнча иштер тынымсыз жүргүзүлүүдө. Кара-Суу райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Нурланбек Кочкорбаев социалдык кызматкерлер менен биргеликте кырсык болгон аймактарда жеринде иш алып барып, жабыркаган жарандардын абалынан кабар алууда. Алар сел каптаган үйлөрдү кыдырып, тазалоо иштерине түздөн-түз…

Кененирээк