Ошто аэропортко кетчү альтернативдүү жол жаңыланат
Калаа мэриясынын айтымында, Ош көчөсү Раимбеков көчөсүнөн Касымбеков көчөсүнө чейин төрт тилкелүү болуп кеңейтилет. Көчөнүн жалпы узундугу 3 чакырымды түзүп, кеңдиги 24 метрге чейин болот. Эки тарабында тротуар жана жашыл аймак каралган. Бул Ош аба майданына алып барчу кошумча альтернатива жолдордун бири катары пайдаланылат.

