Ош шаарынын мэри кызматын уланта берерин айтты
Бул тууралууу Жеңишбек Токторбаев калаа бийлигинин коллегиялык жыйынынан кийин кесиптештерине кайрылып жатып айтты. Шаар башчысы интернетке тараган маалыматтарды фейк деп атап, анын кызматтан кетишине каршы болгондорго ыраазычылык билдирди. Буга чейин бир нече басылмалар Женишбек Токторбаев кызматын тапшыра турганын жазып чыккан. Мэриянын басма сөз кызматы бул маалыматты төгүндөгөн.

