Президент дүйнө лидерлерине кайрылды

Президент Садыр Жапаров БУУнун Коопсуздук кеңешинин шайлоосу алдында дүйнө лидерлерине кайрылды. Ал 3-июнда Нью-Йоркто өтө турган добуш берүүдө Кыргызстандын талапкерлигин колдоону өтүндү. Жапаров Коопсуздук кеңешинде чакан жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн өкүлчүлүгү адилеттүү болушу керектигин белгиледи. Кыргызстан шайланса, тынчтык, диалог жана коопсуздук боюнча салым кошууга даяр экенин билдирди.

Кененирээк