Садыр Жапаров: Ош шаарында 10 мектептин пайдубалынын түптөлүшү жеке эле Ош шаары үчүн эмес, жалпы өлкөбүз үчүн чоң окуя
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-апрелде, Ош шаарында Турукташтыруу фондунун эсебинен 10 орто мектептин курулушун баштоо аземине катышты. Иш-чара Мамлекет башчысынын Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында өттү. Салтанаттуу аземди ачып жатып, Президент сөз сүйлөп, билим берүү тармагындагы бардык ийгиликтерди ар дайым колдой турганын белгиледи. “Кайсы гана өлкөнү албайлы, илим-билимдин аркасында гана өнүгүү жолуна…


