Кыргызстандан унаа катализаторлорун ташып чыгууга алты айга тыюу салынды
Министрлер кабинети мурда пайдаланылган унаа катализаторлорун жана алардын калдыктарын өлкөдөн ташып чыгууга 6 айлык убактылуу тыюу салды. Токтомго өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койду. Чечим атмосфераны чыккан газдардан булгануусун азайтуу, жарандардын ден соолугун жана айлана-чөйрөнү коргоо үчүн кабыл алынганы, ошондой эле катализаторлорду кайра сатуу максатында мыйзамсыз алып салуу жана уурдоо учурлары көбөйгөнү айтылды. Тыюу салынган…

