Президенттин мөөнөтү алты жыл бойдон калат, мөөнөтүнөн мурда шайлоого негиз жок
Конституциялык сот президенттин кайрылуусун карап, мамлекет башчынын ыйгарым укугунун мөөнөтү жана президенттик шайлоону өткөрүүнүн жол-жобосун түшүндүрдү. 2021-жылы шайланган президенттин мөөнөтү 2010-жылкы Конституциянын негизинде алты жыл болуп эсептелет жана ал кыскарбайт 2021-жылдагы жаңы Конституциядагы беш жылдык мөөнөт мурда башталган президенттик мандатка карата иштебейт. Президент жаңы Баш мыйзамдын талаптарына ылайык ишин улантат. Биринчи мөөнөттөгү алты жыл “эки…

