Кочкордо жаңы заманбап оорукана курулууда

Нарын облусунун Кочкор районунда эки үч кабаттуу корпустан турган жаңы оорукана курулууда. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, объект республикалык бюджеттен каржыланууда. Оорукананын жалпы аянты 6 миң 661 чарчы метрди түзөт. Имаратта 40ка жакын палата, төрөт бөлүмү, операциялык блок, биохимиялык лаборатория, реанимация жана стерилдөө бөлүмдөрү, дарыгерлердин бөлмөлөрү, жыйындар залы жана ашкана жайгашат. Оорукана лифт менен жабдылат.

Кененирээк