Эми «Манас» аэропортунда жүргүнчүнү жеке коштоп жүрүү кызматы көрсөтүлө баштайт
«Манас» эл аралык аэропортунда жүргүнчүлөр үчүн консьерж-кызматы ишке киргизилет. «Кыргызстан аэропорттору» ААКы билдиргендей, кызматты баштоо боюнча макулдашууга компаниянын коммерция боюнча директору Аман Мамаев жана «Премиум Пасс Кейджи» ЖЧКсынын директору Элиза Аскарбекова кол коюшту. Жаңы кызмат жүргүнчүнү аэропортко келген учурдан тартып учакка отургузулганга чейин жеке коштоп жүрүүнү камтыйт. Анын алкагында каттоодон өтүүгө көмөк көрсөтүлүп, формалдуу жол-жоболордон…


