Мамлекеттик чек ара кызматы УКМКнын курамынан чыгарылды
Мындан ары Чек ара кызматы УКМКга карабайт. Дегеле Кыргызстандын тарыхында Чек ара кызматы бир нече жолу ушундай өзгөртүүлөргө туш болуп жатат. Акыркы жолу 2020-жылы, бийликке Садыр Жапаров келип, УКМК төрагалыгына Камчыбек Ташиев дайындалганда Чек ара кызматы УКМКга бириктирилген болчу. Мындан ары кызмат өз алдынча орган болот жана анын башчылыгында мурдагы эле жетекчи — Абдикарим Алимбаев…

