Кыргызстан боюнча 7 миң студентке ылайыкташкан 9 жатакана курулат
Алар 5 облуста, Бишкек менен Ош шаарларында болорун “Ынтымак Ордодон” кабарлашты. Жер тилкелери аныкталып, инженердик-изилдөө иштери аткарылып, долбоор алдындагы жана архитектуралык чечимдер иштелип чыкканы айтылды.


