ЖОЖдордогу окуу программалары каралып, эски сабактар кыскартылат
Кыргызстандын жогорку билим берүү системасына өзгөртүүлөр киргизилет. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин коллегиясында белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жаңы министрликтин түзүлүшү жогорку билим берүү жана илим тармагын терең жаңылоого багытталган алгачкы кадам болду. Негизги максат — университеттерди таланттарды тарткан борборго, заманбап билимдин булагына жана өлкөнүн узак мөөнөттүү өнүгүүсүнүн негизги кыймылдаткычына айлантуу. Жакынкы…

