Өлкө боюнча мамлекеттик 48 автомектеп ачылды
Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Бообек Салимжанов билдирди. Анын айтымында, жарандардан өтүнмөлөр avtomektep.srs.kg сайты аркылуу кабыл алынат. Сайттан онлайн же офлайн окуу түрүн тандаш керек. Өтүнмөлөр март айына чейин кабыл алынып, андан кийин окуу башталат.

