Бишкекте автобустарга жол кирени накталай төлөө токтотулат
Калаа башчысы Айбек Жунушалиев мындай тартип 1-июлдан тарта киргизилерин билдирди. Анын айтымында, накталай төлөм алынбаса, айдоочулар алаксыбай жолго көбүрөөк көңүл бурушат. Жол кире да баарына бирдей болот. Жүргүнчүлөр жол кирени карта же QR-код менен төлөй алышат. Бул ыкма туристтер үчүн да жеткиликтүү болот. Эгер терминал иштебей, төлөм өтпөй калса, жүргүнчүгө айып салынбайт. Мындай учурда ал…


