Ноокен районунда ири текстиль фабрикасы курулат
Ноокен районунда ири текстиль фабрикасы курулат. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.Анда президенттин өкүлү Абсаттар Сыргабаев Ноокен районунун Арал айылында ири текстиль фабрикасын куруучу инвесторлор менен жолугушту. Бул багытта Ноокен райондук мамлекеттик администрациясы, коңшу Өзбекстандын Наманган облусундагы «Art Soft Holding» жана «SASSA GROUP» компанияларынын ортосунда үч тараптуу келишимге кол коюлду. Долбоор ылайык…
