Азия чемпионатында Нурсултан Кеңешбеков күмүш медаль утту
Кыргызстандык жеңил атлетчи Кытайда өтүп жаткан жабык имараттагы Азия чемпионатында ийгиликтүү оюн көрсөттү. 3000 метр аралыкка чуркоонун финалында Нурсултан 7 мүнөт 55,06 секунд мыкты жыйынтыгы менен марага экинчи болуп келди. Курч күрөштө биздин спортчу күчтүү атаандаштарын артта калтырып, улуттук курама команданын куржунуна татыктуу күмүш медалды алып келди. Бул сыйлык Кеңешбековдун кышкы Азия чемпионаттарындагы карьерасындагы үчүнчү…

