Ош облусунун башчысына 60 миң адам ичип жаткан кир сууну көтөрүп келишкен
Көк-Жар айыл аймагындагы жолугушууда ал Аманкан Кенжебаевге Сапарбаев каналынан алынган сууну берген. Айтымында, эл ушундай суу ичүүгө мажбур. Маселе 2020-жылдан бери чечилбей келет, бирок 1000 куб метрлик түтүк тартылган. Жергиликтүү тургундар бул маселе создуктурулуп келерин айтышты.


