УКМКнын төрагасынын орун басарлары дайындылды
Президент Садыр Жапаров Алишер Эрбаевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын орун басары – Антитеррордук борбордун директору кылып дайындады. Мамлекет башчы дагы бир тескемеси менен Уранбек Шадыбековду УКМК төрагасынын орун басары – атайын кызматтын Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору кызматын бекитти. 53 жаштагы Алишер Эрбаев Жогорку Кеңештин VII чакырылышында “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынан депутат…

