Россия Пасха майрамына карата ок атууну токтотот
Мындай көрсөтмөнү Россиянын президенти Владимир Путин башкы штабдын башчысына берди. Бул буйрук 11-апрелде саат 16:00дөн тарта 12-апрелдин акырына чейин күчүндө болот. Бирок аскерлер ар кандай агрессивдүү аракеттерге каршы чара көрүүгө даяр болууга тийиш, деп айтылат Кремлдин маалыматында.


