Раззак Бейшекеев биринчи жолу Азия чемпиону болду
Грек-рим күрөшү боюнча турнирде ал япониялык балбан Кэнцукэ Шимизуну 8:2 эсебинде жеңди. Бейшеккев килемге 67 кг салмак категориясында чыккан. Раззак Бейшекеев өзүнүн карьерасында Азия чемпионатынын алгачкы алтын байгесин утту. Буга чейин Афтандил Таалайбек уулу, Акжол Махмудов жана Асан Жанышов дагы алтын утушкан. Эске салсак, Бишкекте күрөштүн үч түрү боюнча Азия чемпионаты өтүүдө.


