Бишкекте үч реабилитациялык борбордун кызматкерлери камакка алынды

УКМК «Решение», «Идальго» жана «Бишкек-Маяк» аттуу реабилитациялык борборлордун ишин текшерип, мыйзам бузууларды аныктады. Алар бейтаптарды таңып, электрошокер менен кыйнашкан. Ошондой эле борборлордун биринде эки бейтап каза болгону кабарланды. Иликтөөнүн алкагында аталган жайларда жетекчилик кызматты аркалаган жети адам камакка алынды.

Кененирээк