Эки кыргызстандык балбан эркин күрөш боюнча Азия чемпионатынын жарым финалына чыкты

Мелдешти чейрек финалдан баштаган Орозобек Токтомамбетов индиялык Жайдипди 2:0 эсебинде жеңип алды. Ал жарым финалда япониялык Ёсиносукэ Аояги менен күч сынашат. Ал эми Яков Чаплин чейрек финалда тажикстандык Исмаил Картоев менен беттешип, 2:2 эсебинде акыркы аракетинин эсебинен жеңишке жетти. Жарым финалда ал бахрейндик Магомед Шариповго каршы чыгат.

Кененирээк

Бишкекте спорттук күрөш боюнча Азия чемпиондугу башталат

Бүгүн, 6-апрелде Бишкек шаарында спорттук күрөш боюнча Азия чемпиондугу старт алат. Мелдешке жалпы 350гө жакын балбан катышып, 30 комплект медаль ойнотулат. Жарыштын биринчи күнү грек-рим күрөшүнөн төмөнкү кыргыз балбандары чыгат: Алдын ала беттештер саат 11:30да башталат. Эске салсак, 6-12-апрель күндөрү Бишкек шаарындагы “Жаштык аренада” спорттук күрөш боюнча Азия чемпиондугу өтөт. Мелдеште балбандар грек-рим, эркин күрөш…

Кененирээк