Кыргызстанда суу ресурстарын талдап, так маалымат берген платформа жасалды
Бул уникалдуу стартап Oscar & Sons Group компаниясы тарабынан даярдалган. Ал Борбор Азиядагы суу ресурстарын талдап, анын деңгээли, көлөмү, сапаты тууралуу так маалымат бере алат. Ошондой эле жасалма интелектин жардамы менен келечекте боло турган суу тартыштыгы же анын сапатынын өзгөрүшү тууралуу божомолдорду даярдайт. Стартап Астанадагы Аймактык экологиялык саммиттин алкагында презентацияланды.


