УНАА айдоочулук күбөлүктү 3 саатта берүүнү пландап жатат
Мекеме айдоочулук күбөлүктү шашылыш тартипте берүү кызматын иштеп чыгууда. Долбоор кабыл алынса, жарандар күбөлүктү 3 саатта, 1 күндө же 2 күндө ала алышат. Кызмат акы төлөнүүчү болот, баалары азырынча аныктала элек. Азыр күбөлүк бардык документтер толук болуп, экзамендер ийгиликтүү тапшырылса 4 жумуш күндө берилет.

