Жогорку Кеңештин комитети «Товардык биржалар жөнүндө» мыйзам долбоорун колдоду
Бүгүн, 30-марттагы Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген «Товардык биржалар жөнүндө» мыйзам долбоору каралды. Мыйзам долбоорун Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Кайрат Маматов тааныштырды. Ал белгилегендей, мыйзам долбоорунун кабыл алынышы укуктук боштукту жоюп, биржа соода-сатыктарынын катышуучуларынын ортосундагы мамилелерди…

