Кыргызстан менен Түркия товар жүгүртүүнү 5 млрд долларга жеткирүүнү көздөйт
10-февралда Анкарада Кыргызстан менен Түркиянын парламент жетекчилери сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын чыгарып, товар жүгүртүүнү 5 млрд долларга чейин жеткирүү ниетин билдиришти. Бул үчүн былтыр кол коюлган келишимдерди ратификациялоону тездетүү, достук топторун жигердентүү жана бизнес менен инвестдолбоорлорду колдоодо парламенттик дипломатияны колдонуу пландалууда. Туркия Бишкекке саясий колдоо көрсөтөрүн, анын ичинде Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес мүчө болуу…

