Кыргызстанда эмки жылдан тарта пластик баштыктарын колдонууга тыюу салынат
Кыргызстанда 2023-жылдан тарта экология тармагында, өзгөчө таштандыларды кайра иштетүү боюнча ири реформалар жүргүзүлүүдө. Адистердин айтымында, эки негизги мыйзам кабыл алынган: “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” «Пластик жана полимер буюмдарды чектөө» тууралуу мыйзам. Алгач бул мыйзамдар Ысык-Көл облусунда ишке кирип, элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. 2027-жылдын 1-январынан тарта өлкө боюнча пластикке толук тыюу салуу пландалууда. Экологдор пластикти…


