Кыргызстанда 2023-жылдан тарта экология тармагында, өзгөчө таштандыларды кайра иштетүү боюнча ири реформалар жүргүзүлүүдө.
Адистердин айтымында, эки негизги мыйзам кабыл алынган:
“Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө”
«Пластик жана полимер буюмдарды чектөө» тууралуу мыйзам.
Алгач бул мыйзамдар Ысык-Көл облусунда ишке кирип, элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
2027-жылдын 1-январынан тарта өлкө боюнча пластикке толук тыюу салуу пландалууда.
Экологдор пластикти өрттөө адам ден соолугуна зыяндуулугун жана нанопластик өтө кооптуу болуп, организмге кирип ууландырарын эскертишет.
Адистер калктын экологиялык билимин жогорулатуу жана таштандыларды сорттоо маданиятын өнүктүрүү зарылдыгын белгилеп келишет.


