Кыргызстандын кыздар курама командасы Ташкентте тарых жаратты

Кыргызстандын футбол боюнча кыздар курама командасы Ташкентте өткөн CAFA U-17 Women’s Championship мелдешинде алтын медаль утту. Курама Иранды 2:1, Тажикстанды 2:0 эсебинде жеңип, Өзбекстан менен 0:0 тең чыккан. Натыйжада 7 упай топтоп, турнирде биринчи орунду ээледи.

Кененирээк

Адылбек Касымалиев Кыргыз футбол биримдигинин президенти болду

Бүгүн, 12-майда, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз футбол биримдигинин президенти болуп шайланды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 11-майда биримдиктин Аткаруучу комитети Касымалиевдин талапкерлигин КФБ президенти кызматына расмий түрдө көрсөткөн. Буга чейин футбол биримдигин УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев жетектеп келген. Ал 15-апрелдеги конгрессте ата мекендик футболду токтоп калган абалдан чыгаруу боюнча милдеттерин…

Кененирээк