Кыргызстанда балдар үчүн заманбап реабилитациялык шаарча курулат
Чүй облусунун Арчалы айылында «Максат» реабилитациялык борборунун базасында заманбап реабилитациялык шаарча куруу пландалууда. Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов борборго барып, курулуш каралган аймак менен таанышты. Долбоор ДЦП, аутизм, Даун синдрому жана өнүгүүсү кечиккен балдарга комплекстүү жардам көрсөтүүгө багытталган. Шаарчада стационардык, амбулатордук жана күндүзгү реабилитация бөлүмдөрү, 150 орундуу борбор, коррекциялык блок, ата-энелер жана медкызматкерлер үчүн жатакана,…

