Бишкекте Эркиндик бульварында «Жеңиш бульвары» аттуу концерт өтөт
9-майда Эркиндик бульвары «Жеңиш бульварына» айланат. «Өлбөс полк» жүрүшү аяктагандан кийин, саат 12:00дө Бишкектеги Орус үйүнүн жанында концерттик программа башталат. Сахнада балдардын чыгармачылык жамааттары, апалар хору жана «Мелодия» студиясынын тарбиялануучулары, «Сувенир» орус ырлар ансамбли, «Орто Азия Романсиадасынын» жылдыздары жана «Белая птица» адабий-музыкалык клубу өнөр көрсөтөт. Ошондой эле көрүүчүлөр Игорь Воронцов, Гүлнара Тойгонбаева, Жамиля Муратова, Николай…


