Ошто Ж. Шамшиев көчөсү оңдолуп, пайдаланууга берилди
Бүгүн 6-январь күнү Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев калаадагы Ж.Шамшиев көчөсүндөгү көпүрөнү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөндөн кийин пайдаланууга берди. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жашоочулар катышты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Көпүрөнүн узуну 9 метр, кеңдиги 21 метрди түзөт. Эки тарабына жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар , жашыл аймак каралып, суу түтүктөрү тартылып, ирригациялык лотоктор орнотулду….

